НАРЫНДА МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТЕРИН ЖОГРУЛАТЫШТЫ
С.Нааматов атындыагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунда мектеп директорлорунун билимин жогорулатуу максатында 2 жумалык окуу курсу уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Иш-чарага Ат-Башы, Нарын жана Жумгал райондорунда жаңы дайындалып, иштеп жаткан мектеп директорлору келишкен. Анда «Мектеп директорунун ишмердүүлүгү», «Мугалимдин статусу» жана билим берүү боюнча нормативдик актылар боюнча лекциялар окулуп, методикалык жардам көрсөтүү максатында Нарын шаарынын жана Нарын районунун мектептеринде болушуп, директордун ишмердүүлүгү боюнча иш кагаздар менен тааныыштырылды.
Предметтик ачык сабактарга, класстык тарбиялык сааттарга катышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты. Ошондой эле мектептерде болгон учурда предметтер боюнча ачык сабактарды жана класстык тарбиялык сааттарды өтүп, өз чыгармачылык дараметин көрсөтүштү. Окуу курсунун аягында билимин жогорулаткандыгын тастыктаган сертификттар тапшырылды.
Комментарии