2024-жылдын 2- мартында Ысык-Ата районунун Ч. Айтматов атындагы Ивановка № 1 мектеп -гимназиясында КР УТРК менен Кыргыз улуттук “Манас” театры, КР Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштурушкан «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы жана жаш манасчылардын райондук сынагы өткөрүлдү. Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сагынбаев Н.Т, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакашова Ч.К катышышты. Сынакта райондун 23 мектеби ат салышып, жыйынтык төмөнкүдөй болду: «Манас таануу» интеллектуалдык сынагы боюнча- 1- орунга Ч. Айтматов атындагы Ивановка 1 мектеби, 2- орунга Д.П. Зубкова атындагы мектеп, 3- орунга Н.С Баранов атындагы мектептин топтору татыктуу болушту. Ал эми жаш манасчылардын сынагы боюнча 1- орунга Ш.Рахманов атындагы мектептин окуучусу Ин Солан, 2 орунга Ч. Айтматов атындагы мектептин окуучусу Фозилов Махмадноби, 3-орунга — Актилек мектебинен Аманбаев Барктабас жана А. Мурзабаев мектебинен Салморбекова Мадина ээ болушту. Сынактын катышуучуларын Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты манасчы Нурбек Талантбеков жетектеген топ калыстык менен баалашты. Байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар, алардын жетекчилери жана Ч.Айтматов мектебинин жетекчилиги «Манас» театрынын дипломдору, ыраазычылык барактары менен сыйланышты.
2024-жылдын 2- мартында Ысык-Ата районунун Ч. Айтматов атындагы Ивановка № 1 мектеп -гимназиясында КР УТРК менен Кыргыз улуттук “Манас” театры, КР Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштурушкан «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы жана жаш манасчылардын райондук сынагы өткөрүлдү. Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сагынбаев Н.Т, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакашова Ч.К катышышты. Сынакта райондун 23 мектеби ат салышып, жыйынтык төмөнкүдөй болду:
«Манас таануу» интеллектуалдык сынагы боюнча-
1- орунга Ч. Айтматов атындагы Ивановка 1 мектеби,
2- орунга Д.П. Зубкова атындагы мектеп,
3- орунга Н.С Баранов атындагы мектептин топтору татыктуу болушту.
Ал эми жаш манасчылардын сынагы боюнча
1- орунга Ш.Рахманов атындагы мектептин окуучусу Ин Солан,
2 орунга Ч. Айтматов атындагы мектептин окуучусу Фозилов Махмадноби, 3-орунга — Актилек мектебинен Аманбаев Барктабас жана А. Мурзабаев мектебинен Салморбекова Мадина ээ болушту.
Сынактын катышуучуларын Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты манасчы Нурбек Талантбеков жетектеген топ калыстык менен баалашты. Байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар, алардын жетекчилери жана Ч.Айтматов мектебинин жетекчилиги «Манас» театрынын дипломдору, ыраазычылык барактары менен сыйланышты.
Комментарии